Эверестти багындырган жеке ишкер, альпинист Рысгүл Акимжанова өлкөгө кайтып келди. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан жакындары, санаалаштары салтанаттуу тосуп алышты.
Айта кетсек, Акимжанова 27-майда дүйнөнүн эң бийик тоосу — Эвересттин чокусуна (8848 метр) ийгиликтүү чыгып, Кыргызстандын туусун желбиретти. Муну менен ал Кыргызстандын тарыхында Эверестти багындырган экинчи кыргыз айымы болуп калды.
Эске салсак, 11-майда Эверестти Кыргызстандын тарыхында айымдардын ичинен биринчи болуп альпинист Асел Байбагышева багындырган.