Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын жана чек ара аймактарынын коопсуздугун сактоо боюнча тапшырма берди

Бүгүн, 13-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев вице-премьер-министр Токон Мамытов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев Токон Мамытовдун кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча баяндамасын укту. Вице-премьер-министр Баткендеги туруктуу абал жана Өкмөт уюштурган иш-чаралар жөнүндө айта кетти.  

Президент жарандардын жана чек арадагы аймактардын коопсуздугуна байланыштуу КРнын мамлекет органдардын ишин улантуусунун зарыл экендигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан