Кыргызстандын жаңгагы Кореяда ийгиликтүү сатылууда

Түштүк Кореяда Кыргызстандын жаңгагы сатылууда. Аталган өлкөнүн Ханяң университетинде окуган жердешибиз Нурсултан Алтыбаевдин берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын жаңгагы корей сатып алуучуларынын арасында суроо-талапка ээ болууда. 
"E-mart" деп аталган соода тармагынын бирине баш багып, анын администратору менен сүйлөшүп калдым. Өлкөнүн борбору Сеулда гана эмес, Корея боюнча биздин жаңгак таркатылып жатыптыр. Ал биздин жаңгактын өтүшү абдан жакшы экенин, сатыкка коюлганына аз болсо да, Калифорния штатынан келген жаңгак менен бирдей сатылып жатканын айтты. Өзүм да күбө болдум, корейлер кызыгуу менен Кыргызстандын жаңгактарын алып жатышат",- деп кабарлады Нурсултан Алтыбаев. 
Сүрөттө көрсөтүлгөн баштыкчадагы 400 грамм салмактагы жаңгактын баасы орточо 450 сомду түзөт. Эске салсак, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өткөн жылдын 26-ноябрынан тартып Түштүк Кореянын эң ири "E-mart" соода тармагында Кыргызстандын жаңгагы сатыла баштаганын маалымдаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан