Кечээ, 3-июндагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова Кара-Кулжада аялын атып өлтүргөн шектүүнүн куралды үйүндө сактап жүргөнүнө кызыкты.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев анын мыйзамсыз курал сактап жүргөнүн алдын алып, убагында үйүнө тинтүү иштерин жүргүзбөгөнү үчүн бир катар милиция кызматкерлерине, жетекчилерге кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп, жоопко тартылышканын айтты.
"Куралдын номурлары өчүрүлгөн. Ал кайсы номурда болгонун тактоо иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн айтымында, курал ага чоң атасынан калган. Бирок кайсы убакта, кандай жагдайда аталган курал анын үйүнө келгенин аныктоо үчүн териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди ал.