Тажик чек арачылар стратегиялык маанилүү объектилерди мээлеп атышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын Чек ара кызматынын чек араларды коргоо боюнча башкаруунун башчысы Саитжан Эратов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, тажик тарап жалпысынан 7 миномёт ок чыгарышты. Алар көпүрө, жаңы жол курулуп жаткан аймак, биздин снайпер жайгашкан жай, суу топтом жана аскерлердин турак жайларына мээленгендиги аныкталды. Азыр ошол миномёттор кайдан келгени териштирилип жатат.
Эскерте кетсек, 11-январда Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен.