Бүгүнкү, 13-январдагы өкмөттүн маалымат жыйынында Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору Жумаш Сооронбаев чек арадагы жаңы курулган жол тууралуу маалымат берди.
Ал өз сөзүндө "азыркы тапта курулуш иштери жүрүп жатат. Жол куруучулардын коопсуздугу күч түзүмдөрү тарабынан ишке ашырылат" деп билдирди.