Баткен облусундагы кырдаал туруктуу болмоюнча көзөмөл өткөрүү бекиттери жабык болот. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда КРнын Чек ара кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев билдирди.
Анын айтымында, чек ара маселе боюнча эки тараптуу бир нече иш-чаралар өткөрүлдү. Учурда кыргыз-тажик чек ара жаңжалы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жазасын тартышат.
Эске салсак, 11-январда Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай жолунун курулушуна тажик тарап каршылыгын билдирип, коңшу өлкө чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок атышкан. Ага жооп катары кыргыз тарап да ок чыгарып, натыйжада Кыргызстандан 6, Тажикстандан 3 чек арачы жарадар болгон.