Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында Кыргызстан курамасы 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо этабынын алкагында Түндүк Корея менен беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ага ылайык, командалар 2:2 эсебинде беттешти аякташты.
"Бүгүнкү беттештин жана тайпалаш командалардын оюнунун жыйынтыктары, тилекке каршы, төртүнчү раундга чыгууга болгон мүмкүнчүлүктү жокко чыгарды", - деп жазылат маалыматта.
Буга чейин, 15-ноябрда Бишкекте өткөн жолугушууда кыргызстандыктар Түндүк Кореянын курамасын 1:0 эсебинде утуп алышкан. Голду коргоочу Християн Браузман киргизген.