Парламенттик комитет кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени жабык режимде карап чыгат

Коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы маселени жабык режимде карайт. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда комитеттин жыйынында белгилүү болду. 

Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, айрым маселелерди коомчулукка алып чыгууга азырынча мүмкүн эмес.  

Ал эми депутат Исмаил Исаков “Бул учурдагы актуалдуу маселе болуп жатканда элден эмне үчүн чындыкты жашырышыбыз керек? Мындан мамлекеттик чыр жаратуунун кереги жок” деп билдирди. 

Ошондой эле депутаттар маселе эл аралык экенин эскертип, маалыматтар биздин өлкөгө каршы таратылышынан сак болуу керектигин айтышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан