Ош шаарындагы борбордук мечитте окуучулар үчүн класс ачылды

Ош шаарындагы Алай атындагы "Имам аль-Бухарий" мечитинин имамдары Ош шаардык мусулмандар казысынын уруксаты менен аталган мечитте атайын класс ачышты. Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдыла Сарыбаев билдирди."Ачылган класста мектеп окуучулары үчүн адеп-ахлакты жогорулатуу максатында Куран жаттоону, ислам укугу (фикх) маселелерин үйрөнүүнү, диний таалим-тарбия алып адептүү болууга, мекенин сүйүүгө, ата-энени сыйлап, улууларды урматтоого, жалкоолуктан арылып, билимдүү болууга багытталган сабактар өтүлөт",- дейт У.Сарыбаев.Маалыматка ылайык, сабактар дем алыш күндөрү өтөт. "Окуучулардын ата-энелери өз каалоо-ыктыярлары менен балдарын алып келип, өздөрү алып кетишет. Ал эми сабак алууну каалагандарга, өзгөчө студенттерге ишемби күнү шам убактысынан куптан намазына чейин, жекшемби күнү күндүз саат 11:00дөн 13:00гө чейин сабактар болуп жатат",- деп кошумчалады шаар казысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан