Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу кармалган Улановдун агасы мурда милицияда иштеген 

Кара-Кулжадагы келиндин өлүмүнө байланыштуу билдирүүлөрдү жарыялаган блогер Айбек Улановдун агасы мурда Бишкектин Октябрь райондук милициясында иштеген. Бул тууралуу юрист Шердор Абдыкапаров журналисттерге билдирди.

Юрист Улановду кармоо боюнча арызга кол топтоп жүргөндө анын агасы телефон чалганын, ал өзүн ИИМдин кылмыш уюмдарына каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкери катары тааныштырып, коркутууга алганын айтты. Абдыкапаровдун айтымында, аны менен сүйлөшүүсүн тартып алып, социалдык тармактагы баракчасына жарыялагандан кийин ИИМ тарабынан дароо байланышка чыгышкан.

"Бишкек шаардык милициясына мени чакырып, аны алып келишти. Ал аталган башкармалыкта иштебейт экен", - деди юрист.

Ошондой эле юрист маекте маркум келинди күйөөсү ур-токмокко алып келгенин белгилеп, окуя болгон күнү аны колго атканын айтып берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан