Кечээ, 9-июнда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев, шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков, Ош ШИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Камчыбек Бокоев жана аймактын жашоочуларынын, ички иштер органдарынын ардагерлерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.