Бүгүн, 13-январдагы маалымат жыйынында Чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев "Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак алдын ала уюшулган болушу мүмкүн” деп билдирди.
Ал өз сөзүндө Тажикстандын алдын ала даярдыгы тууралуу так маалымат айта албашын кошумчалап, “Азыр чек арада болгон окуя боюнча тергөө иштери уланууда. Кыргыз тарап эл аралык келишим боюнча, мыйзам чегинде гана иш алып барып жатышты. Азырынча элди башка жакка көчүрүүнүн кажети жок” деди.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары жогорудагы чек ара чыр-чатагы алдын ала даярдалып, 2-3 күн мурун тажикстандыктар кичи автобустар менен аялдар менен жаш балдарды көчүрүп кеткендиги тууралуу маалымат жазып чыккан эле.
Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган.Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда. Бирок тажик тарап айланып өтчү жолдун курулушуна каршы экенин билдирген.