Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев сыртынан 12 жылга соттолду

КРнын Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев сыртынан 12 жылга соттолуп, мүлкү конфискацияланды. Анын Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп тапкан. Бул туурасында Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "2009-жылы жеке компанияларга лицензия берген” деп айыпталган. Учурда Капар Курманалиев өлкөдөн чыгып кеткен.     

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан