Бүгүн, 13-январда КРнын Президентинин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев 11-январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалда октон жаракат алган 3 чек арачынын абалы менен таанышышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Данияр Нарымбаев жаракат алган жоокерлер менен баарлашып, бекем ден соолук каалады. Жабыркагандарга ар тараптан жардам көрсөтүлөрүн жана Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын 13-январдагы жарлыгына ылайык президенттин резервдик фондунан 6 чек арачыга 100 миң сомдон бөлүнөрүн билдирди.