КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган. Кол коюлган мыйзам ЖК тарабынан 2013-жылдын 11-декабрында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" (ЭЭЗ) мыйзамынын макулдашылган вариантынын ченемдерине шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 372 жана 373 статьяларына өзгөртүүлөрдү киргизет.
КР Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу бул мыйзам ЭЭЗ жөнүндө мыйзам менен бир пакетте кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"КРнын эркин экономикалык зоналар жөнүндө" мыйзамынын макулдашылган вариантына президент 2014-жылдын 11-январында кол койгон.