Мамлекеттик чек ара кызматы: Баткенде айланма жол курулган соң чек арадагы чыр-чатактар 80 пайызга кыскарат

Бүгүн, 13-январдагы маалымат жыйынында Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Райимберди Дүйшөнбиев "Баткендеги айланма жолдун курулушу аяктаганда чек арадагы чыр-чатактардын көрсөткүчү 80 пайызга кыскарат" деп билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар ички трассалар менен жүрүп, Тажикстандын аймагына кирбей калышат. Мындан сырткары "жолду куруу менен эгемендигибизди бекемдейбиз"  деген оюн билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын эки тараптуу жолугушуусунда кыргыз тарап жол курулушу тууралуу расмий билдирүү жасаган. Ал эми тажик ММКлары сүйлөшүүлөрдө жол куруу тууралуу айтылбаганын жазып чыгышкан. Ошондой эле аталган айланма жолдун курулушуна тажик тараптын каршы экендиги айтылды.

Эске салсак, 11-январда саат 13:00 чамасында Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып кетишкен. КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов журналисттер менен жолугушууда чек ара чатагынын хронологиясын айтып, "жаңжалда тажик тарап кыргыз чек арачыларына миномёттон ок чыгарышты" деген Чек ара кызматынын маалыматын аныктады. Окуя болгон жерден 6 оюлган жер жана бир жарылбай калган снаряд табылган

Жаңжалдын натыйжасында кыргыз тарабынан 6 чек арачы, тажик тараптан 2 адам жаракат алган.Учурда кыргызстандык 3 чек арачы Бишкекке дарылоого алынып келинди.

Баткенде кырдаал туруктуу жана Ак-Сай – Көк-Таш жол курулушу улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан