Израилде Иран тараптан атылган ракетадан 3 адам каза болгонун чет элдик басылмалар жазышууда.
Жаракат алгандардын саны кеминде 48ге жеткени айтылууда. Жергиликтүү басылмалар 10 жаштагы баланын абалы оор экенин белгилешет.
Израил 13-июнга караган түнү Ирандын өзөктүк жана аскердик объекттерине сокку урган. Чабуулдар өзөктүк куралдарды иштеп чыгууга байланыштуу объекттерге жана жогорку даражадагы аскер кызматкерлери жайгашкан жерлерге багытталган. Ошол эле күнү кечинде Иран жооп кылып Израилге ракеталык соккуларды жасаган. Тегеран Израилдин аскердик инфратүзүмүнө, анын ичинде аба базаларына жана башка стратегиялык объекттерге ири соккулар болот деп убада берген.
Иран Израил жасаган аба соккуларынан 224 адам каза болгонун, анын 70тен ашыгы аялдар менен балдар түзөрүн, 1277 адам жаракат алганын билдирди. Каза болгондордун 70 пайызы карапайым тургундар экени айтылды.