1,5 миллион сом каражатты натыйжасыз пайдаланганы үчүн "Ошсууканалдын" жетекчилигине кылмыш иши козголду

“Ошсууканал” ишканасынын жетекчилигине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы жана бюджеттен 1,5 миллион сомду натыйжасыз пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Мыйзам бузуу тууралуу 13-январда Ош ШИИББинин мыйзамсыз кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан аныкталгандыгын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам иликтөөчү топ тарабынан “Ошсууканал” муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдаланып, ири суммадагы бюджеттик каражатты өз максатына сарптабагандыгы аныкталган. 
2010-жылы июнда Ош мэриясынын токтому менен "Шаарсууканалдын" эсебине республикалык бюджеттен 6 900 000 сом которулган. Бирок ал каражаттын бир бөлүгү өз максатына жумшалган эмес. 
Натыйжада мамлекетке 1 500 000 сомдон ашык зыян келтирилген. 
Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан