Мамкаттоо кызматы каза болгон адамдын атына жерди ижарага берүү боюнча мыйзамсыз жазылган келишимди аныктады

КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы каза болгон жарандын атына 150 гектар жерди ижарага берүү боюнча мыйзамсыз жазылган келишимди аныктады. Бул тууралуу 13-январда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Аталган мыйзамсыз келишим  мекеменин алдында түзүлгөн тийиштүү башкармалык тарабынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылынын тургуну К.У. 2003-жылы 11-августта каза болуп, ага өлгөндүгү тууралуу күбөлүк жазылган. 
Бирок 2009-жылдын 1-сентябрында Бакай-Ата районунун кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча жергиликтүү департамент аркылуу өлгөн адамдын колу коюлган документ жасалган.  
Мындан сырткары жерди ижарага алуу боюнча келишим КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №389 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 
Азыркы тапта жогорудагы факты боюнча материалдар облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан