Шерзат Болаттын үйүнүн өрттөлүшү: Министр иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө айтты

Казакстандын Ички иштер министри Ержан Саденов Талгар шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Шерзат Болаттын үйүнө коюлган өрт боюнча тергөө иштери кандай жүрүп жатканын айтып берди. Бул тууралуу Tengrinews.kz маалымат порталы жазды.

"Иш атайын прокурордун кароосунда. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Бул боюнча кеңири комментарий бере албайм. Териштирүү кызуу жүрүүдө, ишти көзөмөлдө кармап турабыз", - деди Саденов.

Ошондой эле Шерзаттын агасынын өлүмү боюнча да иш козголуп, тергөө жүрүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 4-октябрында 16 жаштагы Шерзат Болат Талгар шаарында киши колдуу болуп каза болгон. Бул окуядан кийин анын үй-бүлөсүнө коргоо чаралары көрүлгөнү айтылган. Бирок кийинчерээк үйү өрттөлүп кеткен. Декабрда болсо анын агасынын жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, ал өз жанын кыйган жана коштошуу катын калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан