Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова өлкөдө балдар менен айымдарга жасалган зордук-зомбулуктун саны өсүп жатканын айтып, Ички иштер министрлигинен тийиштүү иштерди алып барууну суранды.
Эл өкүлү өлкөдө болгон акыркы окуяларга токтолду.
"Көп учурда ИИМге барышса, алар толук кандуу жумуштарды алып барбай жатышат. Кээде тааныштарын актаганга чейин барышууда. ИИМ балдардын коопсуздугун камсыздап берсин. Балдарга, айымдарга болгон зордук-зомбулук аябай күчөп кетти. Эмне үчүн ата-энелер кайрылышса дагы тергөө иштери болбой жатат?"- деди депутат.