Быйыл Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу үйлөр курулат

Жалал-Абад шаарында быйыл көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

2013-жылы пландалып, бирок шаардык кеңештен колдоо болгон эмес. Быйыл көп кабаттуу үйлөрдү куруу маселеси чечиле турганын шаар мэри Муктар Арапбаев мэриянын аппараттык жыйынында билдирген. 

Маалыматка караганда, жумушчу сапар менен Жалал-Абадда жүргөн вице-премьер Тайырбек Сарпашев тарабынан өткөрүлгөн селектордук жыйында шаарга КРнын Өкмөтү тарабынан ипотека түрүндө көп кабаттуу үй курууга 100 миллион сом акча каражаты берилери белгилүү болгон. 

"Калган 35 миллион сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүү маселеси турат. Ошондой эле өкмөт тарабынан «Айыл банк» аркылуу айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү үчүн жабдууларды алууга 7 жылдык мөөнөт менен 7–8 пайыз үстөгү менен 7 миллиард сом акча каражаты бериле баштайт. Бул жылы өкмөт жакшы колдоо көрсөтө турган болууда. Биз да өз аракетибиз менен алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашыруубуз керек",-  деп билдирген Мухтар Арапбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан