Павел Дуровго Франциядан кыска мөөнөткө чыгууга уруксат берилди

Франциянын соту Павел Дуровго өлкөдөн убактылуу чыгууга уруксат берди. Бул тууралуу Agence France-Presse жеке булактарына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Telegram'дын негиздөөчүсүнө өлкөдөн чыгып кетүүгө бир нече аптага уруксат берилген.

Le Monde басылмасынын жазганына караганда, ишкер 10-июлдан тарта Дубайга 14 күндөн ашпаган убакытка катарынан бара алат. Ал сапарларын тергөө судьясына билдирүүгө милдеттүү болот.

Буга чейин Дуров Франциядан чыга албасы ага таң калычтуу болуп жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Дуров былтыр, 24-августта Париж аэропортунда кармалып, бир нече күндөн кийин беш миллион евро күрөөгө коюп бошотулган. Ишкерге Франциядан чыгууга тыюу салынган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан