Социалдык өнүктүрүү министрлигине жөлөк пул жана жеңилдиктерди берүү боюнча арыздар көп түшөт

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук кабылдамасына 2013-жылы 909 адам кайрылган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик кайрылгандардын 83,4 пайызына жардам көрсөткөн. Маалыматка ылайык, өткөн жылы жарандар майыптык топтору, үй-бүлөлөргө жана балдарга кам көрүү жана интернат үйлөрүнө жайгаштыруу маселелери боюнча кайрылышкан.

Арыздардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары жана Чүй облусунан түшсө, Баткен облусунан эң аз санда кайрылышкан. Коомдук кабылдама 1220 жаранды кабыл алса, ар бир төртүнчү маселе оң жакка чечилген. Көпчүлүгү жөлөк пул жана жеңилдиктерди берүү боюнча маселелерди айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан