Ош шаарында15-январда шаардын мэрин шайлоо күнү болгонуна байланыштуу, күч органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
"Бүгүн, 14-январдан баштап күч органдары күчөтүлгөн тартипте ишке кириштик. Милиция кызматкерлери менен элдик кошуундар кызматташышат. Эң көп күч органдары борбордук аянтка тартылган. Ал жакта тынчтык митинги боло турганы маалым болгон",- деп билдирет Сыдыков.
Эске салсак,15-январь - Ош шаардык мэрин шайлоо күнү. Ош шаарынын мэрлигине Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышууда.