Эртең, 15-январда саат 08:00дөн 17:00гө чейин Ош облусунун айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектронун” басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында, Кара-Суу шаарынын Кашкар, Кызыл-Мээнет, Маданият, Мачак, Гайрат, Большевик, Курбан-Кара, Сары-Колот, Ак-Колот жана Бирдик айылдарында электр чордондору оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жарык өчүрүлөт.