Израилдин 15тен ашык истребителдери Ирандагы аскердик объекттерге чабуул коюшту. Сокку Керманшах аймагындагы ракета аткычтар менен кампаларга жасалганын ArbatMedia билдирди.
Согуштук учактар Керманшах шаарынын аймагындагы Израилге каршы даярдалып жаткан "жер-жер" категориясындагы ракеталардын кампаларына жана учуруучу станцияларга чабуул коюшкан.
Кагылышуу башталгандан бери Израилдин Коргоо күчтөрү Ирандын 6 авиабазасына сокку уруп, 15 учакты, анын ичинде F-14 жана F-5 истребителдерин, AH-1 тик учактарын жана бир танкердик учакты жок кылганы айтылат.