Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев коомдук мекемелерди видеобайкоо коюуга милдеттендире турган мыйзам долбоорун сунуштоодо. Айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса, Ош жана Бишкек шаарларында кылмыштуулук 2 эсе азаймакчы.
“Бүгүн адамдардын коопсуздугу эң маанилүү маселеге айланды. Бул мыйзам коомдук ишканаларды видеобайкоо коюуга милдеттендирет. Мыйзамды 2005-жылы да сунуштагам, бирок президент Бакиев чыгым көп кетет деп вето коюп койгон. Мисалы, кафе ачууда өрт коопсуздугун камсыз кылуу үчүн деле балта, күрөк жана башка шаймандарды койгонго акча жумшалат. Азыр компьютердик техникалар арзан. Андай ишканаларды шаардык кеңеш бекитет. Бир ишкана 1000 доллар чыгым болот. Камералар коюлуп калса көчөдөн бирөөнүн тумагын жула качуу сыяктуу кылмыштар 2 эсе азаят. Бишкекке 4000 камера койсо жетет”,- деди депутат.