“Түндүкэлектр” ААКынын басма сөз кызматынын бүгүн,
14-январда берген маалыматына ылайык, 2013-жылы электр энергия үчүн чогултулган каражаттын көлөмү 4 миллиард 181 миллион сомду түзгөн.
Бул
коюлган төлөмдөрдүн 100,6 пайызга аткарылгандыгын түшүндүрөт. 2013-жылы аталган
компаниянын товардык продукциясынын көлөмү 4 миллиард 156 миллион сом болгон. 2013-жылы
калктан төлөм чогултуу толугу менен аткарылган жана алардын ичинен өнөр жай
ишканаларынан – 99,1 пайыз, бюджеттик уюмдардан –
101,5 пайыз, айыл чарба
мекемелеринен – 99,2 пайыз жана башка колдонуучулардан –
100,3 пайыз каражат чогултулган.
Аймактар боюнча төлөмдөр:
Бишкек - 100,6 пайыз;
Чүй облусу – 100,8 пайыз;
Талас облусу – 99,7 пайыз.
Электр
энергиядагы жоготуулар 2013-жылы 3,6 пайызга кыскарган.