Иран Израил менен ок атышууну токтотуу келишимин түзбөгөнүн билдирди 

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи учурда Израил менен ок атышууну токтотуу боюнча келишим жок экенин билдирди.

"Учурда ок атышууну токтотуу же аскердик операциялар боюнча эч кандай макулдашуу жок. Бирок Израил Иранга каршы мыйзамсыз агрессиясын Тегеран убактысы боюнча таңкы саат төрттөн кечиктирбестен токтотсо, биз андан кийин жооп кайтаруу аракеттерибизди улантуу ниетибиз жок",- деп жазды ал X социалдык тармагында.

Ал аскердик операцияларды токтотуу боюнча акыркы чечим кийинчерээк кабыл алынарын кошумчалады.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Израил менен Ирандын ортосунда ок атышууну толук токтотуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.

Ал Израил менен Иран 12 күндүк согушту 24 сааттан кийин расмий түрдө токтото турганын белгилеген. Америкалык лидердин айтымында, ок атышууну биринчилерден болуп Иран токтотсо, Израил 12 сааттын ичинде бул келишимди ишке ашырмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан