Ош шаарында бүгүн,14-январда 12 сабактан окуучулар үчүн олимпиада башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Кимсанов Куштарбек маалымдады.
"Бүгүн республикалык олимпиаданын экинчи баскычы, башкача айтканда, шаардык олимпиада жүрүп жатат. Буга 9-10-11-класстын окуучулары, тагыраак айтканда, зоналык олимпиаданын 805 жеңүүчүсү катышууда. Олимпиаданын жыйынтыгы бүгүн эле чыгарылат. Алдынкы 5 орунга ээ болгон 10-11-класстын окуучулары регионалдык 3-баскычка катыша алышат",- деп билдирет Куштарбек Кимсанов.
Белгилей кетсек, кыргыз тили, орус тили, өзбек тили жана адабияты, англис тили, немис тили, математика, физика, информатика, биология, география жана тарых сабактарынан олимпиада өтүп жатат.