Ташиевдин Нарындагы иш сапары. Кандай тапшырмалар берилди?

Бүгүн, 25-июнда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына барып, облустагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жыйын өткөрдү. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, жыйын президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашууда.

Ташиев облус жана шаардагы негизги көйгөйлөргө токтолду.

  • Нарында жол куруу иштери кечеңдеп, анын ичинде шаардагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүнүн курулушу бир жылдан бери бүткөрүлбөй, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратып жаткандыгы белгиленди. Мындан улам, аталган жолдорду курууга жооптуу “Бета Групп” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн текшерүү тапшырмасы берилди.
  • Шералиев көчөсүн 10-августка чейин, ал эми Ленин көчөсүн 20-сентябрга чейин бүтүрүү талабын койду. Аны менен катар облустагы дагы башка жолдордун курулушу боюнча Транспорт министрлигине тапшырмалар жүктөлдү.
  • Облусту көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин ар бир айыл өкмөтү колго алуусу керектиги айтылды.
  • Шаарда курулуп жаткан ипотекалык үйлөр 3 айдын аралыгында толук бүткөрүлүп, жарандарга берилерин президенттин иш башкармасынын башчысы Каныбек Туманбаев убадалады.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин суранычтарын угуп, шаардагы транспорт көйгөйүн чечүүгө, айрым райондорго спорт комплексин, калкты тейлөө борборун курууга, коммуналдык чарбага жана райондордогу ички социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө керектүү акча каражаттарын бөлдүрүп берди.
  • Нарын аэропорту август айында пайдаланууга берилип, ички аба каттамдары жанданары кошумчаланды.

Жыйындын соңунда Ташиев облустун жетекчилерине кайрылып, таза иштөөгө, коррупциялык элементтерден сак болууга, коюлган тапшырмалар кынтыксыз аткарууга чакырды. Ошондой эле иштердин жүрүшү Ташиевдин жеке көзөмөлүндө болоору белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан