"Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу үчүн атайын комиссия түзүлдү

Бишкектеги "Ош базарынын" тегерегинде мыйзамсыз соода-сатыкты токтотуу үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, комиссиянын курамына санитардык, ветеринардык көзөмөл жана башка кызматтардын өкүлдөрү кирген. 
Ленин районунун акиминин орун басары Абдес Анарбековдун айтымында, жакында рейд уюштурулуп, уруксаты жок тамак-аш, кийим-кече сатып отургандар кармалган. 

Белгилей кетсек, 2010-жылы башталган "Ош базарынын" тегерегин иретке келтирүү иштери дээрлик 2 жылга созулуп, жыйынтыгында ички жана сырткы жолдор, өтмөлөр оңдолуп, мыйзамсыз коюлган күркөлөр алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан