Кечээ, 13-январда Баткен шаарында чек ара кызматынын, күч органдарынын катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 11-январда болгон чыр-чатакка байланыштуу тараптардын жолугушуусу өттү. Анда эки тарап калктуу аймактардан аскердик жана башка түзүлүштөрүн чыгарып кетүү чечимин кабыл алышты. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тажик тарап Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолунун курулушун токтотууну айтса, кыргыз тарап жол куруу иштери улантыларын билдирген.
Белгилей кетсек, сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Мамлекеттик чек ара кызматынын биринчи орун басары Искендер Мамбеталиев, ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, ал эми тажик тараптан ички иштер министринин орун басары И.Ражабов, чек ара аскерлеринин кол башчысы Ражабали Рахмонали катышышты.