Измирде ири өрт чыгып, тургундар эвакуацияланууда

Түркиянын батышындагы Измир провинциясында чоң токой өрттөнүп, бир нече конуштардын тургундары эвакуацияланууга мажбур болушту деп билдирет чет элдик басылмалар.

Өрт Мендерес жана Сеферихисар райондорунун ортосундагы токойлуу аймакта чыгып, шамалдан улам тездик менен жайылды. Измирдин губернатору Сулейман Элбандын айтымында, өрт азырынча көзөмөлгө алына элек.

"Саатына 70 чакырымдан 117 чакырымга чейин өзгөргөн шамалдын ылдамдыгынан, тилекке каршы, аба жабдууларынын көбү иштей албай жатат. Учурда 12 тонна суу көтөрө алган эки гана чоң учак туруктуу иш алып барууда. Кээде шамалдын ылдамдыгы саатына 70 чакырымдан төмөн түшкөндө гана башка учактар ​​көтөрүлүп жатышат. Бирок тик учактарды колдонуу мүмкүн эмес",- деди ал.

Анын айтымында, райондордон, коңшу облустардан өрт өчүрүү топтору тартылды. Куткаруу кызматтарынын карамагында миңден ашык адам, 122 өрт өчүрүүчү унаа, 74 суу ташуучу унаа жана 84 оор техника бар.

Бийлик Сеферихисар округундагы үч айылды эвакуациялап, бир нече кварталдын тургундарын көчүрө баштады.

Измирдеги эл аралык аэропорт провинцияда уланып жаткан токой өртүнөн улам бардык каттамдарды убактылуу токтотту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан