"Менин Бишкек мэрлигине талапкерлигимди коюуга болгон укугум бузулду»,- деп бүгүн, 14-январда коомдук ишмер Рита Карасартова айтты.
Анын айтымында, ал башкаруу фракцияларына, премьер-министрге талапкерлигин коюу тууралуу кайрылган. Жантөрө Сатыбалдиев "бир айдан кийин жооп беребиз" деп айтса, фракциялар өз кызыкчылыгын ойлоп жабык түрдө сөз жүргүзүп, анын талапкерлигин колдобой коюшкан.
Эскерте кетсек, эртең, 15-январда Бишкек мэрлигине Кубанычбек Кулматов, Ош мэрлигине Айтмамат Кадырбаев жана Мелис Мырзакматов ат салышат.