Ош. Кара-Суу шаарынын "Ислам Транс" агенттигинин айдоочулары өткөн тендерге нааразы

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын "Ислам Транс" агенттигинин айдоочулары Түштүк транспорт башкармалыгы тарабынан өткөн тендерге нааразы экендигин билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда аталган агенттиктин айдоочулары жыйын учурунда маалым болду. 
"Ислам Транс" агенттигинде 90 айдоочу бар. Учурда бизди жумуштан четтетип, убактылуу "Темир мырза" ЖЧКсына бекитип беришти. Биз бул ишкана менен иштешүүнү каалабайбыз. Алардын койгон талаптарына макул эмеспиз. Биз ислам жолунда жүргөн адамдарбыз. Өзүбүздүн "Ислам Транс" агенттигинде фондубуз бар. Анда 100 миң сом акчабыз бар. Кимде муктаждык болсо, жардам берип келебиз",- деди "Ислам Транс" агенттигинин өкүлү Ирисбаев Нурбек.
Маалыматка караганда, учурда аталган агенттиктин 30 айдоочусу "Темир Мырза" ЖЧКсына өтүп кетишкен. Учурунда алар да каршы болушкан.
Эске салсак, эртең, 15-январда Түштүк транспорт башкармалыгы тарабынан тендер уюштурулат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан