Канат Садыков, министр: "Кыргызстанда 2013-жылдан тарта аспиранттардын стипендиясы 2 эсеге көбөйдү"

Бүгүн, 14-январда ЖКнын билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында КРнын билим берүү министри Канат Садыков “Кыргызстанда 2013-жылдан тарта аспиранттардын стипендиясы 2 эсеге көбөйдү” деп билдирди. 
Анын айтымында, жогорулатылганга чейин стипендиялар 400-600 сомдун тегерегинде болгон. “Азыркы тапта аспиранттар биринчи окуу жылында 1 450 сом жана 2-3-окуу жылында 1 885 сомдон алышат. Ординаторлорго 1 200 сом берилип жатат. Жаштарды илимге тартуу максатында аспиранттардын стипендиясын жогорулаттык”,- деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан