Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков Ош шаарынын калкына кайрылуу жолдоду

Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алимжан Байгазаков, эртеңки, 15-январь - мэрди шайлоо күнүнө карата эл-журтка кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору! Ошентип, жаңыдан үмүттөндүргөн, жакшы иштерди аткарууга үндөгөн Жаңы 2014-жылыбыз да кирип келди. Ар бир шаардыктын көптөн күткөн тилеги шаарыбыздын келечегине байланыштуу экендигине белгилеп айткым келет. Башыбыздан көп аянычтуу окуялар болуп өттү. Көп нерселерге көз карашыбыз өзгөрдү, эми тартиптин жана жаратман эмгектин, жаңы замандын келгендигин баарыбыз түшүнөбүз. Эртеңки боло турган шаар башчысын шайлоо көздөгөн максатыбызга, прогресске жана өркүндөөгө карай жаңы кадам болоруна ишенем.

Шайлоо – бул демократиянын ажырагыс атрибуту, дайыма жеңгендер жана жеңилгендер болот. Биз баарыбыз чогуу бул сыноодон цивилизациялык жол менен укук чегинде өтүшүбүз керек. Ар бирибизге эң керектүү болгон шаарыбыздын бейпилдиги жана тынчтыгы ар кандай саясий амбициялардын колундагы куралы болуп калбашы керек.

Ошондуктан мен сиздердин ар бириңиздерди мүмкүн боло турган чагымчылыкка, эмоцияга алдырбоого жана жалпы баарыбыздын аракетибиз менен биздин үйүбүздүн бейпилдигин сактоого чакырып кетер элем.

Алдыдагы шайлоо тынч жана бейпил жагдайда өтөрүнө көзүм жетет. Укук коргоо органдары жана ыктыярдуу кошуундар шаардын жана шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылууга күчү жетет. Сиздердин буга жардам берериңиздерге толук ишенем" деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан