Мыктыбек Абдылдаев: “Өз элибизди сыйлабай, конокторго жакшы көрүнгөнгө аракет кылабыз”

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев жолдорго чийилген белгилер тууралуу нааразычылыгын билдирди. 

Анын айтымында, Бишкектеги жолдорго акыркы жолу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өткөн учурда белги коюлган. “Ошол учурда жолдорду атайын боёк менен сырдашкан эмес. Кургай элек жолго транспортторду коё беришкен. ШКУнун коноктору үчүн боёлгонбуз. Биз элибизди сыйлабай, келгендер үчүн жакшы көрүнгөнгө аракет кылабыз”,- деди ал өз сөзүндө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан