"Кыргызстанда автомектептердин 60 пайызы талапка жооп бербейт" деди Талант Исаев

"Кыргызстанда жол кырсыктарын алдын алуу боюнча биздин башкы аракетибиз - автомектептердин сапатын көтөрүү",- деди Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында. Ал билдиргендей, 2013-жылы бул жаатта атайын комиссия иштеп, тийиштүү чечимдерди чыгарды.
"Өлкөдө 204 автомектеп болсо, текшерүүдө алардын 60 пайызы талапка жооп бербей турганы аныкталды. Текшерүүдөн кийин ал мектептердин окуу-материалдык базасын чыңдоого аракеттер башталды. Автокырсыктарды азайтууда жол белгилери да роль ойнойт. Кыргызстанда 4 миңдей жол белгилери жетишпейт. Бул боюнча иштер жасалууда",- дейт Исаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан