Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-январда чек ара маселелери боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен чогулуш өткөрдү.
Президенттин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, мамлекет башчы чек ара аймагындагы кырдаал жана коопсуздук боюнча өкмөттүн жана жетекчилердин маалыматтарын угуп чыкты.
Ошондой эле жогорудагыдай аймактарды өнүктүрүү, стратегиялык айланма жолдорду куруу, делимитация жана демаркация процесстери тууралуу кошумча маалымат алды.
Чогулуштун жыйынтыгында өлкө башчы жашоочулардын коопсуздугу үчүн иш-аракеттерди активдештирүүнү жана жарандардын жашоо шартын жакшыртуу тапшырмасын берди. Мындан сырткары чек арадагы маселелерди чечүүдө улуттук кызыкчылыктарды эске алууга чакырды. .