Бишкекте автотыгындарды азайтуу үчүн жол чырактардын саны кыскарышы мүмкүн

Бишкек шаарында автотыгындарга жол чырактардын өтө жакын жайгашуусу да себеп болуп жатат. Муну парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талант Исаев билдирди. Айтымында, түркиялык адистер Бишкекте изилдөө жүргүзүп ушундай жыйынтыкка келишти.
"Ноябрда түркиялык кесиптешим өзүнүн 4 адиси менен Бишкекке келди. Келген адистер өз тармагы боюнча илимдин докторлору. Шаарга анализ жасап жол чырактарды азайтуу жана унаалардын бир тараптуу кыймылын көбөйтүү зарыл экенин айтышты. Мартта алар Бишкекке 3 айга келишет, биз алар менен тыгыз иштешебиз",- деди Талант Исаев.  
Исаев электр энергиясы улам үзгүлтүккө учурап, жол чырактар күйүп (бузулуп) кетип жатканын да кошумча кылды. "Ошондой эле жол чырактарга өтө жакын жайгашкан аялдамаларды жылдырууга тапшырма берилди",- деди ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан