Парламентте оң рулдуу унаалар маселеси дагы көтөрүлдү
"Кыргызстанда оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга тыюу салганы жатабыз",- деди ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин 14-январдагы жыйынында Талант Исаев. Жол-кайгуул кызматынын башчысынын айтымында, оң рулдуу унаалардын саны сол рулдагы унааларга караганда 7 эсе аз, бирок жол кырсыгына сол рулдуулардан 10 эсе көп кабылат. "Кыргызстандын жолдору рулу сол жактагы унааларга ылайыкталган",- деген Исаев жакында Ош-Бишкек жолунда болгон автокырсыкты мисал келтирип, ага япониялык унаанын айдоочусу күнөөлүү болгонун айтты.