Бүгүн, 14-январда ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев стипендияны мыкты окуган студенттер гана алуучу өкмөттүн токтомуна каршы чыккандарга жооп узатты. Анын айтымында, мурун стипендия 3 категорияда окугандарга аз өлчөмдөгү каражат менен берилип турган.
“Мыкты окугандар 250 сом алышчу. Азыр 800 сом алышат. Бул акча жолуна гана жетет. Силер стипендия үчүн эмес, өзүңөр үчүн окуп жатасыңар. Биз таланттуу жаштар үчүн шарттарды түзүшүбүз керек. Ошондуктан жалаң "5" деген баага окугандарга стипендия берүү маселесин карашыбыз керек. Өлкөнү өнүктүрүүнү билимден башташыбыз керек. Сингапур, Түштүк Кореядан үлгү алуу керек. Биз мамлекеттен алып, кайра бербегенди адатка айлантып алдык”,- деп кошумчалады.