Мыктыбек Абдылдаев: "Жаңы жыл түнү Жогорку Кеңеш менен өкмөт үйүн көрүп уялдым"

"Жаңы жыл түнү Жогорку Кеңеш менен өкмөт үйүнүн имаратын көрүп уялдым. Шаарда бир гана мэриянын имараты жаркырап турду",- деди бүгүн, 14-январда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев. Айтымында, буга көңүл бурган эч ким болгон жок. 
"Бишкекте ресторандар менен унаага май куюучу жайлар жаркырайт. Жогорку Кеңеш менен өкмөт үйү капкараңгы болуп турганын көрүп "эмне, үңкүрдө жашап жатабызбы?" дейт экенсиң. "Абдылдаев түндө эмне кылып жүрөт" дегендер чыгышы мүмкүн. Кээде изилдейм ушундай нерселерди",- дейт депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан