УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ош шаарында өткөрүп жаткан жыйынында төрт мамлекеттик кызматкер кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бири билдирди.
Маалым болгондой, Ноокат районунун "Кадастр" кызматынан эки кызматкер, Өзгөн районунан сот органынан бир жана паспортстолдон бир кызматкер бар. Бирок алардын кармалышынын себеби айтылган жок.