Ош. Өзгөн районунда 52 жаштагы аял кызын өлгүчө сабап салды

Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын 52 жаштагы тургуну А.И. 32 жаштагы А.Г. кызын таяк менен сабап өлтүрүп алган. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ОИИББинин басма сөз катчысы Ашырбаев Жеңишбек билдирди.

"Окуя 10-январда болгон. Кызына Орусиядан акча келмек экен. Апасы кызынын паспортун жоготуп алгандыгын айтканда, ортодо жаңжал чыгат. Энеси 32 жаштагы кызын таяк менен башка-көзгө, талуу жерлерине уруп өлтүрүп алат. Учурда аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн жүрүшүндө аялдын мурда эки жолу соттолуп чыккандыгы анык болду",- деп билдирди Ж.Ашырбаев.

Маалыматтарга караганда, маркумдун төрт айлык уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан