ЖКнын Бюджет жана финансы комитети Европа инвестициялык банкы менен болгон макулдашууну колдоду

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде "Брюссель шаарында 2013-жылдын 17-сентябрында кол коюлган Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы "Европалык инвестициялык банктын ишин жөнгө салуучу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору жактырылды. Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовдун айтымында, бул эл аралык келишим жеке ишкерлер үчүн түз инвестиция тартууну жакшыртат. 
Эгер бул макулдашуу ратификацияланып калса, Кыргызстандын ишкерлери өз долбоорлоруна ылайык 10 миллион евродон жогору көлөмдө насыя ала алышат. Насыя каражаттары 1 пайызга чейинки үстөгү менен 15 жылдык мөөнөткө берилип, анын алгачкы 1-3 жылы жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Европа инвестициялык банкы тарабынан ар долбоорго өзүнчө шарттар каралат. Долбоорлор алдын ала кыргыз өкмөтүнүн экспертизасынан өтүүгө тийиш. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан